Latest articles

Премьер: Япон бизнесмендерине инвестиция шарттары тууралуу маалымат берүү керек

Кечээ, 4-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Япония парламентинин Кеңешчилер палатасынын (Жогорку палата) делегациясын кабыл алган учурда Кыргызстан Япониянын жеке сектору тарабынан түз инвестициялардын тартылышына муктаж экендигин айтты.

Жоомарт Оторбаев депутаттарга Япония бизнесмендерине Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүндүктөр туурасында, анын ичинде КРнын Бажы биримдигине кирүүсүн эске алуу менен, кеңири маалымат берилиши туурасында өтүндү.

Кызматташуунун келечектүү багыттары катары Жоомарт Оторбаев энергетика, туризм, тоо-кен өнөр-жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарын атады.

Өз кезегинде япон тараптын делегация жетекчиси Масахиса Сато белгилегендей, 2014-2015-жылдары Кыргызстандын алдында басып өтүүчү эки маанилүү милдет бар, алар – ББ кирүү жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү.

"Парламенттик демократияны ийгиликтүү өнүктүрүү максатында саясый туруктуулук жана экономикалык өнүгүү орун алышы абзел. Биз сиздердин өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң мүмкүндүктөрдү көрө алдык жана инвесторлорду тартууга жана парламенттик демократия куруу жолундагы сиздердин кадамдарды колдоого аракет жумшайбыз", - деп жыйынтыктады Масахиса Сато.

Original url : kyrgyz.vb.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...