Latest articles

Санариптик берүүгө өткөндө 24 канал бир түйүнгө бириктирилет

Өкмөт санариптик берүүгө өтүүнү камсыз кылыш үчүн 24 жеке менчик каналды бир түйүнгө биригүүсүнө мүмкүндүк түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 100 күндүн иши боюнча отчетунда айтылат.

Бул тууралуу тиешелүү буйрукка 21-июлда кол коюлду. "Документке ылайык, бирдиктүү операторго эки жыштык берилет",- деп белгиленген отчетто.

Ошондой эле 24-июнда өкмөт башчы социалдык пакетин катышуучуларынын тизмесин аныктай турган негизги документке кол койгон. "Документке ылайык уникалдуу социалдык пакетке мамлекеттик бюджеттен каржыланган телеканалдар, бюджеттен каржыланбаган, бирок менчик ээси мамлекет болуп эсептелген каналдар кирет. Жеке менчик каналдар конкурстук шартта жана жеке каражаттарын эсебинен трансляцияга акы төлөө менен кире алышат",- деп айтылат отчетто.

Original url : kyrgyz.vb.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...