Latest articles

Ошто менингит оорусу көбөйүүдө

Ошто менингит оорусу көбөйүүдө. Өткөн жылы 3 бейтап кайрылса, 6 ай ичинде 11 жаран дарыланууга кайрылган. 2013-жылы бир адам аталган илдеттен каза тапса, ушул жылы 3 адам көз жумган. Бул тууралуу Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Аманбаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, менингит аба менен кишиге жугуучу оорулардын катарына кирет. Ал – мээнин эң көп жабырлануучу ооруларынын бири. Ооругандардын 20 пайызы илдеттен каза табат. Аталган оору адамга эки метр аралыктан жугат. Менингит, кадимки эле сасык тумоого окшоп башталып, адамдын дене табы жогорулап, көңүлү айный баштайт. Мындай учурда жарандар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуусу керек экенин айтат.

Өлкөдө жыл башынан бери эле 150 адам менингит оорусу менен катталган. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, ар он жылда бул илдет күч алат.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...