Latest articles

Ак-Талаанын бийлиги Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз балык уулоого каршы комиссия түздү

Нарын облусунун Ак-Талаа районун бийлик өкүлдөрү тарабынан Соң-Көлдө мыйзамсыз балык кармоого тыюу салуу максатында мекемелер аралык комплекстүү ыкчам-профилактикалык комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамы 9 адамдан турат. Алар мыйзамсыз балык кармоонун алдын алуу, ага каршы күрөшүү, мыйзамсыз балык кармагандарга тыюу салуу боюнча иш-аракеттерди активдештирип, балык кармагандарды так аныктоо иштерин жүргүзүшөт.

Райондун бийлик өкүлдөрү акыркы жылдары Соң-Көлдөн балык кармаганга мараторий жарыяланганына карабастан мыйзамсыз балык кармоонун күч алышы комиссия түзүү муктаждыгын жараткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чара 1-ноябрга чейин жүргүзүлүп, аткарылган иштер боюнча маалымат райондук администрацияга билдирилип турмакчы.

Original url : turmush.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...