Latest articles

Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүүгө 1,5 млрд. сом бөлүнөт

Акча каражаты төмөнкүлөргө бөлүнүүдө:

1. Ош шаарындагы Навои көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөнүн курулушуна — 669 млн. сом (12,87 млн доллар);

2. Кардарларды жаратылыш газынан суюк газга өткөрүүнү каржылоого — 260 млн сом (5 млн. доллар);

3. Ош шаарынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоого — 59 млн сом (1,13 млн. доллар).

Каражаттын калган бөлүгү Ош шаарын жана облустагы инфраструктуралык объектилерди ишке ашырууга кетет.

Каржылоонун жалпы суммасы 30 млн. доллар же 1 млрд. 560 млн сомду түзөт, анын ичинде:

- Ош шаары боюнча — 19 млн. доллар (988 млн. сом);

- Ош облусу боюнча — 8,061 млн. доллар (419,2 млн. сом).

Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бөлүү Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия президенти Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын 29-майында болуп өткөн жолугушуусунун натыйжасында сүйлөшүлгөн.

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...