Latest articles

Бир жуманын ичинде 13 млн. сомго жол эрежесин бузуу катталды

Бир жуманын ичинде 13 млн. сомго жол эрежесин бузуу катталды

Бир жуманын ичинде айдоочулар тарабынан дээрлик 13 млн. 250 сомго жол эрежесин бузуулар катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Ведомствонун кызматкерлери 8нен 14-июнга чейин 23 миң 226 жол эрежесин бузууну аныкташкан.

Алар;

- Жол чыракка баш ийбөө – 815;

- Коопсуздук куру жок – 5 миң 410;

-Мас абалында унаа башкаруу – 160;

- Жол белгилерин сактабоо – 4 миң 422;

- Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу –73;

-Жогорку ылдамдыкта – 3 миң 59.

Андан тышкары, 672 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы – 13 млн. 250 миң сомду түзгөн.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...