Latest articles

Абылгазиев: “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанга керек

Абылгазиев: “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанга керек

“Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанга керек. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга «Toyota Tsusho Corporation», «NEC Corporation» фирмаларынын өкүлдөрү катышты.

Премьер-министр Кыргызстан чет мамлекеттерден заманбап IT-технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтты.

- «Коопсуз шаар» долбоору биз үчүн маанилүү. Муну эске алуу менен биз бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар эл аралык компаниялардын колдоосуна ишенебиз. Аталган долбоор биз жана өлкө үчүн зарыл, - деди ал.

«Toyota Tsusho Corporation» жана «NEC Corporation» өкүлдөрү Мьянмада, Непалда, Бангладеште жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө IT- технологияларды («Коопсуз шаар», «Электрондук өкмөт») ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып беришти.

Мындан тышкары алар «Коопсуз шаар» жана «Digital CASA» долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин маалымдашты.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Toyota Tsusho Corporation» өкүлдөрүнө агроөнөр жай жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу тармагындагы долбоорлорго катышуу мүмкүндүгүн да кароону сунуштады.

"Коопсуз шаар" долбоорун кыргыз өкмөтү бир нече жылдан бери пландап, бирок толук ишке ашыра албай келе жатат.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...