Latest articles

Бишкекте журналисттердин республикалык конференциясы өтөт

Бишкекте журналисттердин республикалык конференциясы өтөт

Бишкекте кыргыз журналистикасынын соңку жылдардагы абалын талдаган республикалык конференция өтөт. Уюштуруучулар кабарлагандай, “Маалымат согушунда кантип суурулуп чыгуу керек?” деген темадагы талкуу 26-майда болот. Анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өнүгүүсү, кесипкөйлүктөгү көйгөйлөр жана ийгиликтер талдоого алынат. Андан тышкары, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы талкууланат.

Жыйындын жүрүшүндө Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын мүчөлөрү жаңыдан шайланып, кыргыз журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодексине өзгөртүүлөр сунушталат.

Конференция «City Hotel» мейманканасында өтөт. Аны “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду жана Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы уюштурууда. Конференцияны өткөрүүгө Венеция комиссиясы колдоо көрсөтөт.

Журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт. Комиссия курамында журналисттерден жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнөн турган 13 киши ыктярдуу түрдө иштешет. Төрагасы – юрист Шамарал Майчиев.

25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү.

Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.​

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...