Latest articles

Бажы: "Термоско" айланган телефондор

Бажы: "Термоско" айланган телефондор

Бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жибергени аныкталды. Алар бажы төлөмдөрүн азыраак төлөш үчүн башка аталыштагы товардын атынан кирип жаткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал декларацияда көрсөтүлбөгөн, ар түрдүү моделдеги чөнтөк телефондор болгон.

Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү тартипте декларациядан өткөрүлбөгөн, ар түркүн моделдеги чөнтөк телефондор жүктөлгөн автоунааны кармашкан. Товарларды Бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл пунктунан текшербестен каттоодон өткөрүп беришкени иликтөөдө аныкталганын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, жүктүн наркы 30 миллион сомго жакын деп бааланды.

- УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү документи жок, дүйнөлүк маркалардын жасалма товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аныкталган маалымат боюнча бажы органдарынын кызмат адамдары бул товарлардын ээси менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, бажы мыйзамдарын бузуу менен и