Latest articles

ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев шектүү катары кармалды

ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев шектүү катары кармалды

«Бишкек шаарындагы ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү адам катары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ал учурда УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

Эске салсак, өкмөт башчы Сапар Исаков жакында аны кызматтан алган болчу. Бирок, коомчулукта бул кадамды Калиевди калкалоо катары баалашкан болчу.

Original url : pk.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...