Latest articles

С. Станалиевдин Айтматов тууралуу роман-трилогиясы чыкты

С. Станалиевдин Айтматов тууралуу роман-трилогиясы чыкты

30-мартта жазуучу Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Жазуучу аталган роман трилогиясынын үстүндө 3 жыл бою иштеген. Китепке Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, академик Абдылдажан Акматалиевдер баш сөз жазышкан.

Анда айтылгандай, “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” эмгегинде Чыңгыз Айтматовдун өзү эле эмес, ХХ кылымдын залкарлары Мухтар Ауэзов, Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндөгү аянычтуу баяндар да камтылган.

Ошондой эле, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, У.Абдукаимовдордун реалдуу образдарын көрүүгө болот.

Трилогия: “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...