Latest articles

“Достук кербени” Кара-Балта шаарына барат

“Достук кербени” Кара-Балта шаарына барат

“Достук кербени” Кара-Балта шаарына барат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 27-мартында 10.00дөн кечки саат 17:00гө чейин Ленин атындагы маданият үйүндө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чаранын башкы максаты достукту бекемдөө жана маданият алмашуу.

Шаар тургундары үчүн иш-чаранын программасы төмөнкүдөй.

-Атайын борбордон келген тхэквандо тобунан мастер класс ;

-Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Ордо Сахна" фольклордук тобунан жан эргиткен музыка;

-Кымча белдүү, чийме каштуу кыздардан FASHION SHOW;

-Лидерлик сапатты өнүктүрүүчү тренингтер;

-Элечекти кантип туура ороо боюнча мастер класс ;

-Бизнес тармагы боюнча мыкты тренинг ;

“Кыскасын айтканда Кара-Балта шаарында бир күн той болот. Эң кызыктуу, ары пайдалуу, ары көңүлдүү болот деп ишенимдүү айта кетели. Ошондой эле лотерея ойнотулуп, баалуу байгелер ыйгарылат”,-деп уюштуруучулар жалпы тургундарды иш-чарага чакырып кетишти.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...