Latest articles

Президент баш прокурорго негизсиз текшерүүлөрдү азайтууну тапшырды

Президент баш прокурорго негизсиз текшерүүлөрдү азайтууну тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура жана башка укук коргоо органдары жүргүзгөн негизсиз текшерүү фактыларын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү. Мындай тапшырманы 15-февралда баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурда айтты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков:

- Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат, - деп белгиледи.

Жээнбеков укук коргоо жана башка органдарда коррупцияны алдын алуу боюнча көзөмөлдүн жетишсиздигин кошумчалаган.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президент УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин айтып, күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган.

13-февралда атайын кызматтын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин талдап чыгууну тапшырган. Кызматкерлер ал жерде иштөөгө ылайыктуубу деген өңдүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин койгон.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...