Latest articles

Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргызстандын футзал курамасы Иордания менен ойнойт

Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргызстандын футзал курамасы Иордания менен ойнойт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы бүгүн, 4-февралда Азия чемпиондугунун алкагында экинчи беттешүүсүн Иордания менен өткөрөт. «Азия чемпиондугу 2018» мелдеши Кытайдын Тайбэ шаарында өтүүдө.

Кыргызстандык футзалчылар биринчи оюнда Ливандын курамасы менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

Мелдештин биринчи турунун жыйынтыгы боюнча, футзалчылар арасында Таиланд 3 упай менен алдыда келе жатат. Ал эми Кыргызстан менен Ливанда бирден упай бар, Иордания упай ала элек.

Эске салсак, Кыргызстан менен Иорданиянын футзалчылары 2017-жылы Түркмөнстанда өткөн Жабык жайлардагы Азия оюндарынын алкагында беттешкен. Анда Иордания тарап Кыргызстан курамасын 7:1 эсебинде утуп чыккан.

Кыргызстан – Иордания бүгүн, Бишкек убактысы менен саат 14:30 ойнойт.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...