Latest articles

Нарын облусунун ар бир район борборунда кайра иштетүү ишканалары курулат

Нарын облусунун ар бир район борборунда кайра иштетүү ишканалары курулат

Нарын облусун экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Жол картасында ар бир район борборлоруна кайра иштетүү ишкаларын куруу белгилеген. Бул тууралуу Нарын облусундагы өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов бүгүн, 30-январда облустагы ишкерлер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусу айыл жана мал чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын негизги кирешеси эт, сүт жана айыл чарба азыктарынан түшөт. Ошондуктан ар бир райондо айыл чарба азыктарын кайра иштете турган ишканаларды куруу мезгил талабы болууда. Аларда дыйкан, фермерлер өндүргөн азыктарды Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык даярдоо аркылуу экспорттоого жол ачылганын өкмөт өкүлү белгиледи.

Аманбай Кайыпов ишкерлерди 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунда аткарыла турган бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга чакырды.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...