Latest articles

Кытайда татуировкасы бар, жүрүм-туруму начар ырчылар телеге чыгарылбайт

Кытайда татуировкасы бар, жүрүм-туруму начар ырчылар телеге чыгарылбайт

Кытайдын мамлекеттик телеканалдарында, татуировкасы бар шоу-бизнес өкүлдөрүн теледен чыгарууга тыюу салды. Бул тууралуу Sina порталына жарыяланды.

Кытайдын радио, телевидение боюнча башкармалыгы бардык телеканалдардан татуировкасы бар хип-хоп өкүлдөрүн эфирлерге чакырбоону талап кылган. Ошондой эле өтө ачык кийинген жана интеллекти төмөн ырчыларга да тыюу салынган. Мындан башка ар дайым талкуу чордонунда жүргөн, жүрүм-туруму начар маданият өкүлдөрүнө да эфир берүү токтотулган.

Мындай чектөөгө алгач эле рэп-ырчысы GAI кабылды. Аны Singer телешоусунан чыгарып, клиптерин интернет айдыңында жаюуга тыюу салган.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...