Latest articles

Мектептердеги интернет төлөмүнө 80 млн сом бөлүнүшү керек

Мектептердеги интернет төлөмүнө 80 млн сом бөлүнүшү керек

Бардык мектептер интернет менен камсыз кылынгандан кийин, ай сайын төлөнө турчу абоненттик төлөмгө болжол менен 80 миллион сом бөлүнүшү керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, өкмөттүн «Жаны доорго кырк кадам» программасынын алкагында 2017-2018 окуу жылында 775 мектеп интернетке туташтырылды. Жалпысынан учурда 1242 мектеп интернет менен камсыздалды.

Министрлик калган 994 мектепти интернетке туташтыруу үчүн 200 миллион сом керектелээрин айтууда.

Мындан тышкары, Финансы министрлиги 2018-жылы мектептерди компьютер менен камсыз кылууга 300 миллион сом таап бериши керектиги айтылды.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...