Latest articles

А.С.Пушкин мектебин 60 жылда 60 окуучу алтын медаль менен бүтүрдү

А.С.Пушкин мектебин 60 жылда 60 окуучу алтын медаль менен бүтүрдү

Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин 60 жылдык мааракесин белгиледи. Бул иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, мектептин ардагер мугалимдери жана жалпы шаар тургундары катышышты.

Тарыхка үңүлсөк, Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектеби 1957-жылы пайдаланууга тапшырылган. Ошондуктан, ушул тапта 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бул билим уясы ушунча жыл аралыгында 4000 бүтүрүүчүнү уясынан учурган. Булардын 60ы аталган мектепти артыкчылык баалар менен аяктаган.

Ошентип, салтанаттын жүрүшүндө мектептин тарыхы туурасында мектеп музейиндеги экспонаттар жана мугалимдер менен окуучулардын жетишкендиктерин даңазалаган сыйлыктар көргөзмөгө катарынан коюлду.

Салтанат маалында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев мектептин мааракелик куттуктоо китебине каалоо-тилектерин жазып калтырып, эмгек жамаатына 25 миң сом акча, ал эми бир катар мугалимдерге баалуу сыйлыктарын тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Original url : aimak.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...