Latest articles

Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда курдаштарын утту

Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда курдаштарын утту

Бишкектин 2008-жылы туулган балдардан турган хоккей командасы 2-декабрда АКШда Чикаго шаарынын хоккей боюнча курама командасын утту. Кыргызстандык балдар Чикаго шаарынын жаш хоккейчилерин 9:3 эсебинде жеңип алды.

Ошол эле күнү Бишкектин хоккей командасы Чикаго шаарынын Ice Dogs клубунун хоккейчилер тобу менен беттешти. Анда жеңиш чикаголуктар тарапка ооп, кыргызстандык оюнчулар 7:11 эсеби менен оюнду жыйынтыкташты.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын хоккей боюнча балдар курама командасы АКШнын Чикаго шаарында эл аралык Barrington Ice Arena 2017 кубогуна катышууда.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...