Latest articles

Нарын шаары эки троллейбустуу болду

Нарын шаары эки троллейбустуу болду

Бүгүн, 2-октябрда Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Нарын шаарына 2 троллейбустун жана «Таза-Нарын» ишканасына 2 таштанды жыйноочу техниканын ачкычтарын тапшырды.

М.Абулгазиев калкты тейлөө жаатында жакшы жаңылыктар болуп жатканын белгилеп, шаар тургундарын техникалардын келиши менен куттуктады.

“Техникаларга муктаждык боюнча кайрылуу келип түшкөндө дароо Бишкек шаардык мэриясы менен сүйлөшүп, троллейбус, таштанды жыйноочу машиналарды алдык. Өлкө башчы 3 млн сом бөлүп берип, техникалардын абалын жакшыртып, элдин кызматына өткөрүп берүүдөбүз”, — деди М.Абулгазиев.

Таштанды чыгаруучу автоунаалар Бишкек шаардык «Тазалык» ишканасынан алынса, троллейбустар Бишкек троллейбус башкармалыгынан берилген.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...