Latest articles

Премьер чакан ГЭСдин курулушуна жерлерди берүүдө шашылбоого чакырды

Чакан ГЭСди куруу жана трансформациялоого жерлерди бөлүп берүүдөн мурда айрым шарттарды карап чыгыш керек. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, эгерде натыйжасыз сынактарды өткөрсөк, анда банкротко учурайбыз.

“Биз кээ бир шарттарды эске алуу менен бирге, электр энергиясын мыйзамда көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алууда мамлекетке канчалык эффективдүү боло тургандыгын түшүнүшүбүз керек”,-деди ал.

Ошондой эле Өкмөт башчы энергетиктер менен сүйлөшкөндүгү тууралуу кошумчалады.

“Биз, бизнеске да, өкмөткө да туура келе тургандай кылып орто жерин табышыбыз керек. Антпесе, бул чөйрө өнүкпөйт”,-деди ал.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...