Latest articles

Губернатор институтун калыбына келтирүү демилгеси колдоого алынууда

Губернатор институтун калыбына келтирүү демилгеси колдоого алынууда

Жантөрө Сатыбалдиев башында турган азыркы өкмөт губернатор институтун кайрадан калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Бул багытта жер-жерлерде атайын элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн административдик-аймактык реформаларды кезек-кезеги менен жүргүзүүгө арналган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыккандыгын маалым кылды. Анда облус башчылары менен район акимдеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган. Өкмөт башчынын пикиринде, аткаруу бийлиги элге сапаттуу кызмат көрсөтө албай жатат. Анын айтымында, азыркы башкаруу системасында аймактагы көйгөйлөрдү убагында чечүүгө мүмкүн эмес. Себеби губернаторлор менен район башчыларынын ыйгарым укуктары кыскартылып кеткен. Ушул себептерден административдик башкарууну өзгөртүү зарылдыгын билдирүүдө. Өкмөттүн мындай демилгесин облустардыгы ыйгарымдуу өкүлдөр, район акимдери, талкууга катышкан адамдардын көпчүлүгү колдошту..

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...