Latest articles

Нарында «Нукура Фест» аттуу этнофестиваль өтөт

Нарында «Нукура Фест» аттуу этнофестиваль өтөт

Нарында «Нукура Фест – асмандагы шаар, каада-салттар» аттуу этно фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Нукура Фест” 2017-жылдын 16-сентябрында өтүп, ал Нарын шаарынын 149 жылдыгына жана туристтик мезгилдин жабылышына арналат.

«Нукура Фест» Нарынга жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тартуу максатын көздөйт.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин маданиятын даңазалаган каада салттар көрсөтүлөт. Улуттук тамак-аштар коюлуп, конокторго шырдак жасоонун жолдору, боз үйдү тигүү боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Каалоочулар үчүн “Таш Рабат”, “Кошой Коргон” жана башка тарыхый жерлерге алып баруу уюштурулат. Ал эми кийин «Нукура Фест» фестивалын ар жылы өткөрүү пландалууда.

Фестиваль Нарын шаарынын мэриясынын, USAIDдин, Нарын шаарынын эркин экономикалык аймагынын колдоосу менен уюштурулат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...