Latest articles

КСДП премьерликке Исаковду, орун басарлыкка Зилалиев менен Абдыгуловду сунуштоодо

КСДП премьерликке Исаковду, орун басарлыкка Зилалиев менен Абдыгуловду сунуштоодо

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөттүн курамын эртең 24-августта карайт, премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна фракция мүчөсү Рыскелди Момбеков кабарлады.

Анын айтымында, биринчи вице-премьерлик кызматка Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов каралууда.

Момбеков өкмөттүн курамына өзгөртүүлөр каралып жатканын, жаштар негизги талап болорун кошумчалады.

25-августта парламенттин кезексиз сессиясы алкагында сунушталып жаткан талапкерлер Жогорку Кеңештин тиешелүү эки комитетинде жана көпчүлүк коалицияда каралат.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...