Latest articles

Акаев: Текебаев соттолсо, адилеттүүлүк кошо түрмөгө камалат

Акаев: Текебаев соттолсо, адилеттүүлүк кошо түрмөгө камалат

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев соттолсо, аны менен кошо өлкөдөгү акыйкаттык, адилеттүлүк кошо түрмөгө камалат. Мындай пикирин Текебаевдин соттук отурумуна көз салып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Текебаев менен Чотоновдун ишин карап жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун колунда туура, тарыхый чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер ал бийликтен коркуп, алардын айтканын аткара турган болсо, мыйзамдуулукту сактабай, бүтүндөй адилеттүүлүктү тебелей тургандыгын Акаев кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 11-августта Текебаев менен Чотоновдун сотунда жарыш сөз уланууда. Кечээ болгон соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар Текебаевди 10 жылга, Чотоновду болсо 8 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...