Latest articles

Кыргыз-орус өнүгүү фонду Токмоктогу текстиль фабрикасына каржы бөлдү

Кыргыз-орус өнүгүү фонду Токмоктогу текстиль фабрикасына каржы бөлдү

Кыргыз-орус өнүгүү фонду Токмоктогу «Текстиль Транс» фабрикасына өндүрүштү кеңейтүү үчүн каржы бөлөт. Бөлүнгөн каражатка долбоордун экинчи фазасын жүзөгө ашыруу максатында жабдуу сатылып алынат. Ал жабдуу фабрика чыгарган өнүмдүн түрлөрүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүгүү фондунан билдиришти.

Андан тышкары, фонддун кепилдиги менен коммерциялык банктан жүгүртүүдөгү капитал үчүн кошумча лимит бөлүү жактырылды. Аны менен өнүгүү фонду өнөр-жай ишканалары менен банктарга дагы ири өндүрүштү каржылоого катышуусуна шарт түзүүдө.

Кыргыз-орус өнүгүү фонду билдиргендей, аталган долбоорду ишке ашыруу кошумча жумушчу орундарын түзөт, жергиликтүү кийим тигүүчүлөрдүн тышкы рыноктогу атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатат.

Бул өз кезегинде республиканын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга оң таасир этет. Анткени долбоор экспортко багытталган жана жергиликтүү кийим тигүүчүлөрдүн импортко көз карандылыгын төмөндөтөт

Эске сала кетсек, Токмок шаарындагы «Текстиль Транс» текстиль ишканасынын ачылыш аземи ушул жылдын 1-февралында болгон.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...