Latest articles

ОШТУН ЖАНА ӨЗГӨНДҮН ТУРГУНДАРЫНАН КУРАЛ-ЖАРАК ТАБЫЛДЫ

ОШТУН ЖАНА ӨЗГӨНДҮН ТУРГУНДАРЫНАН КУРАЛ-ЖАРАК ТАБЫЛДЫ

Жергиликтүү милиция Ош жана Өзгөн шаарларынын тургундарынан курал-жарак табышты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын январь айынын этегинде Ош шаарында жашаган М. П. аттуу жарандын үйүнөн оперативдүү кызматкерлер АКМ-74 үлгүсүндөгү Калашников автоматын 7,62 мм окчонтойу менен кошо кармашты. Бул фактынын негизинде дароо кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө кура-жарак 1990-жылы туулган З. А.га таандыктыгы тастыкталды. Ага мартта сыртынан айыбы угузулуп, издөө жарыяланган эле.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын этегинде Өзгөн шаарында Кара-Суу районунун тургуну И. И. колго түшүрүлдү. Аны тинтишкенде, жанынан ТТ үлгүсүндөгү тапанча 7 огу менен табылды. Буга улай Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун дагы бир тургуну Э. У.дан ПМ үлгүсүндөгү тапанчаны тартып алышты.

Ушул тапта эки фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жанданды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Original url : aimak.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...