Latest articles

Бир куту тамеки үчүн эки адамды өлтүрдү

Өзүнүн кырчындай жаштыгына балта чапканы аз келгенсип, башкалардын канына забын кылган төбө чачты тик тургузган бул окуя дагы ичкиликтин айынан келип чыккан. Кичинекей бир таарыныч, арзыбаган бир куту тамекинин айынан эки адамдын өмүрү кыйылып, кылмышкер темир тор артына камалды.

17-май күнү Өзгөн районунун Жазы айылдык милиция бөлүмчөсүнө Жаңы Өзгөн аймагынынын тургундары 52 жаштагы Толгонбү Актамбердиева жана 6 жаштагы небереси Айгерим Байышеванын өз үйүндө жансыз денеси табылганы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жаанбаев маалымдады. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 16-май күнү түнкү саат төрттөр чамасында ошол эле айылдын тургуну, 17 жаштагы Арслан Паизов аттуу жаран түн ичинде мас абалында терезеден кирип, үйдө жаткан эки адамды муунтуп өлтүргөнү аныкталды. Кылмыш изи сууй электе укук коргоо органдарынын колуна түшкөн Арслан Паизов бул кандуу окуяны: «Күндүзү аяш энемдин дүкөнүнөн карызга бир куту тамеки сурап барсам, бербейм жогол, экинчи келбе деп катуу жемеледи. Аяш эне жакшы сүйлөсөңүз десем, ишиң болбосун, сен көчөдө калган жетимсиң, апаң өлгөндөн кийин, атаң да карабай кетти, сенин эч кимге керегиң жок деп катуу сөздөрдү айтты. Ошого өчөшүп түндө үйүнө барып уруп келейин деген ниетте баргам. Уруп жатып, кийин муунтуп өлтүрдүм. Окуяга небереси да күбө болгон үчүн, эч кимге айтпасын деп аны да өлтүрүүгө туура келди»,-деп түшүндүрөт. Аталган кылмышты жасаган соң ал үй ээсинин уюлдук телефонун, 1500 сом акчасын жана дүкөнүнүн ачкычын уурдап кеткен. Аталган буюмдар далил катары алынып, учурда кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97, 168-беренелеринин тийиштүү пунктары боюнча кылмыш иши козголду.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

31.05.2013, №21

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...