Latest articles

Медакадемияга ректор болом дегендердин аты белгилүү болду

Медакадемияга ректор болом дегендердин аты белгилүү болду

Окуу жайдын жетекчиси болууну каалагандардын баары тең профессор жана медицина илиминин докторлору.

Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлугуна 12 талапкар арыз бергенин аталган окуу жайдан маалымдашты.

12 талапкердин баары тең профессор жана медицина илиминин доктору. Алар:

Өмүрбек Куттубаев;

Алымкадыр Бейшеналиев;

Андрей Сопуев;

Индира Кудайбергенова;

Зиябидин Айдаров;

Жусуп Бошкоев;

Доктурбек Адамбеков;

Юсупжан Уметалиев;

Ишенбек Сатылганов;

Есенгульди Жолдошбеков;

Омор Касымов;

Нурлан Бримкулов.

Окуу жайдын ректорун шайлоо 30-июнда өтөт.

Медакадемиянын мурдагы ректору Аширали Зурдинов берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган болчу. Ал 2009-жылы 13-марттан бери аталган окуу жайды башкарып келген.

Original url : sputnik.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...