Latest articles

Бишкекте “Жаш илимпоз” аттуу илимий форум өтөт

Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы “Жаш илимпоздор” аттуу илимий форумун уюштурууда. Форум “Кыргызстан элдеринин биримдигин сактоо” деген тема алдында өтүп, улут аралык мамилелерди жөнгө салуудагы мамлекеттик саясат талкууланат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Илимий иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдөгү жаш окумуштуулар этникалык саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарын берип, жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынат.

Аталган форум быйылкы “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлүүдө.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...