Latest articles

Өлкөбүздө тамчылатып сугарууга өзгөчө көңүл бурулууда

Өлкөбүздө тамчылатып сугарууга өзгөчө көңүл бурулууда

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарбасына заманбап прогрессивдүү технологияларды киргизүү боюнча борборунун жетекчиси Аскарбек Сагынбаев билдирди.

“Республика боюнча 2015-жылы 2825 субьектиге, 676 гектар жерге тамчылатып сугаруу иштери киргизилген. 2015-жылы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу иштери өзгөчө кызыгууну арттырды. Жыйынтыгында тамчылатып сугаруу системаларын орноткон чарбалардын саны 221ге жетти. Ал 2014-жылга салыштырмалуу 10 эсеге көбөйгөн. Ал эми 2016-жылдын 25-мартына карата 31 чарбакер тамчылатып сугаруу системаларын орноткон. Бул системалардын көбү күнөсканаларга коюлган”,-деди ал.

Анын айтымында өлкөбүздө тамчылатып сугаруу системасы негизинен бак-дарактарга, жашылча-жемиштерге, пахта, жүгөрү, кызылчага күнөсканаларга коюлуп келе жатат. Бул жылы мурдагы жылдардай эле фермерлерге жана дыйкандарга бул багытта окутуп, үйрөтүү иштери улантылат.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...