Latest articles

2016-жылы Кыргызстандын курама командасы 8 жолу жолдоштук беттеш өткөрөт

2016-жылы Кыргызстандын курама командасы 8 жолу жолдоштук беттеш өткөрөт

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 8 ирээт жолдоштук беттеш өткөрүүнү пландап жатат. Учурда алардын жетөө так аныкталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жолдоштук беттештердин алтоосу Кыргызстанда, ал эми калган экөө башка жерде өтөт.

Ушул жылы 30-августа Казакстандын курама командасы менен ойнойт. 6-сентябрда Филиппин, 6-октябрда Бахрейн, 11-октябрда Түркмөнстан менен беттешет. Ал эми 9-ноябрда Филиппиндин жана 15-ноябрда Бахрейндин командалары менен ойношот.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...