Latest articles

Бүгүн байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бүгүн байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бүгүн радио күнү, жалпы байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы. 1895 - жылдын 7 - майында орус физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиокабылдагычты дүйнө коомчулугуна жарыялаган. Эң биринчи радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп, андан соң радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат кызматы болуп калган. Кыргызстанда эң биринчи радиоберүү 1931 - жылы обого чыккан. Ал азыркы “Кыргыз Радиосу” болгон.

Бүгүн жогоруда айтылган майрамдын урматына Тарых музейинин концерттик залында Унаа жана байланыш министрлиги тарабынан уюштурулган иш - чара болуп өттү. Бул майрамдык иш - чарага тармакта иштеп, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер жана азыркы тапта ушул тармакта эмгектенген адамдар чакырылган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : www.maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...