Latest articles

Кыргызстан кайрадан Global Money Week демилгесине кошулат

Кыргызстан кайрадан Global Money Week демилгесине кошулат

Кыргызстанда экинчи ирет “Дүйнөлүк акча жумасы” аталышындагы компания өтөт. Анын максаты-акча топтоонун маданиятын өнүктүрүү жана каржы маселелерин өз алдынча чечүү боюнча билимдерди жарандар менен бөлүшүү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул жолу акция 14-22 мартта өтөт. Демилгенин алкагында өлкөнүн бардык аймактарында семинар, тегерек стол, балдар, жаштар үчүн сынактар өткөрүлүп, каржы мекемелерге экскурсиялар уюштурулат.

Улуттук банк глобалдуу кампаниянын башталышына арналган басма сөз жыйынын өткөрөт. Анда адистер боло турган иш-чаралар, эл аралык тажрыйба жана калктын каржы сабаттуулугун кеңейтүү боюнча жумуш тууралуу айтып беришет.

Global Money Week жыл сайын Child and Youth Finance эл аралык коомчулуктун көзөмөлүндө 100дөн ашык өлкөдө өткөрүлөт.

Original url : erkintoo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...