Latest articles

Калемгерлер үчүн сынак жарыяланат

Калемгерлер үчүн сынак жарыяланат

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуттук жазуучулар союзу менен бирге атайын калемгерлер үчүн сынак жарыялайт. Конкурс “Дүйнө” жана “Дебют" сериялары менен эки багытта өтмөкчү.

Маалыматка ылайык, аталган конкурска 35 жашка чейинки жазуучулардын улуттук кыргыз тилинде жазылган чыгармаларын берүүгө болот. Классикалык мүнөздөгү роман, повесть, аңгеме жана эсселердин тизмеги 100 беттен ашпоосу шарт.

“Дүйнө” сериясында кыргыз тилинен чет тилдерге которулган чыгармалар жарышка түшөт. Жазылган чыгармалар кыргыз адабиятынын тартиптерине көркөмдүк жогорку деңгээли, мазмундун актуалдуулугу менен идеялык-нравалык жактан туура келгендиги боюнча бааланмакчы.

Чыгармалар ушул жылдын 25- январынан тарта кабыл алынып баштап, 24-июнда токтотулат. Ал эми жыйынтыгы 17-июндан баштап 11-июлга чейин сынактын жыйынтыгы жарыяланышы күтүлүүдө.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...