Latest articles

Мамветсанинспекция: “Койлор эмнеден ууланып өлгөндүгү такталууда”

Мамветсанинспекция: “Койлор эмнеден ууланып өлгөндүгү такталууда”

Чүй облусунун Орловка шаарында фермер Хусейн Салпагаровдун 45 баш коюу ууланып өлгөн. Мал ферма Орловкадан 3 километр алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана санитардык инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

“Хусейн Салпагаров эртең менен короосуна киргенде койлорунун кырылып калганын көргөнүн айтты. Ошондой эле, ал койлору туруп калган Кемин химия-металлургиялык заводдун жанында оттогонун, заводдун аймагынан агып чыккан суудан ичкенин, ушундан улам ууланып калышы мүмкүндүгүн билдирди. Учурда өлгөн койлор жерге көмүлдү”-деди ал.

“Суудан болдубу, оттогон жерге ташталган калдыктарданбы, же жеген жеминен ууланып калыштыбы, азыр такталып жатат. Анализдер алынып, лабораторияга жиберилди. Жакын арада эмнеден ууланып өлгөнү аныкталат. Учурда койлор жайылган жерге башка мал жандыктар өтпөөсү үчүн тосмолор коюлду. Ал жерге жакын жайгашкан тургундарга аталган жерге убактылуу барбай, малын жайбай туруулары кулактандырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”-деп кошумчалады А.Жусупов.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Орловка шаарында койлор ууланып өлгөндүгү тууралуу малымат ЖМКларга жарыяланган.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...