Latest articles

Кытайда барымтага алынган кыргызстандык бошотулду

Кытайдын Шинжаң уйгур автономиясында белгисиз кишилердин колунда турган 30 жаштагы кыргызстандык жаран бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жакында аны Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы Хоргос калаасында белгисиз кишилер кармап кетип, бошотуу үчүн жакындарынан 20 миң доллар талап кылышкан.

Кытайдагы кыргыз элчилиги, Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү виза бөлүмү жана Кытай күч органдарынын биргелешкен аракетинин натыйжасында барымтадагы адам 12-январда бошотулду. Аны кармагандар ким экени, камакка алынган-алынбаганы тууралуу айтылган эмес.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...