Latest articles

ТИКА Кыргызстанда оорукана курууга көмөкөшөт

ТИКА Кыргызстанда оорукана курууга көмөкөшөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Түркия кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын (ТИКА) программаларынын Координациялык офисинин башчысы Хакан Эргюн менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9 - 10 - апрелинде Түркиянын Премьер - министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында жетишкен макулдашуулардын ишке ашырылышы талкууланды. Тактап айтканда, түркиялык тараптын каражатына Кыргызстанда оорукана куруу боюнча сөз болду. Жолугушуу учурунда Хакан Эргюн ТИКА Бишкек шаарында же Чүй облусунда оорукана курууга жардам берүү боюнча чечим кабыл алгандыгын айтты. Ооруканага тиешелүү жабдуулар берилип, медициналык мекеменин алгачкы эки жылындагы иши каржыланаары белгиленди. Өз кезегинде кыргыз тарап даяр пландын негизинде, Бишкек шаарынын аймагында Фучик көчөсүндө медициналык мекемени куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Бул тууралуу Марал радиосуна КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов билдирди.

Усеновдун айтымында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 14 миң чарчы метр аянтка медициналык - диагностикалык борбор куруу боюнча 2008 - жылы даярдалган долбоорду сунуштады. Хакан Эргюн ТИКА бул долбоорду да карап чыгып, эл аралык стандарттарды сактоо максатында, керек болсо тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даяр экендигин белгиледи. Сапар Исаков ТИКАнын башчысы Хакан Эргюнге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап мындан ары дагы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын белгиледи.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : www.maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...