Latest articles

Театр толук кандуу оңдоого муктаж

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрына 75 жыл болду. Ал эми имараттын шыбынын ар кайсы жеринен тамчы таамп, жыл өткөн сайын көйгөй көбөйүп келүүдө.

Мындай кеп КРнын Маданият, туризм жана маалымат министри Султан Раев менен аталган театрдын эмгек жамаатынын 9-апрель күнү болгон жолугушуу маалында айтылды.

«Биздин чыгармачылык топ репертуарды жаңылоодо. Эл аралык жана улуттук үлгүдөгү чыгармалар коюлуп жатат. Жергиликтүү бийлик абдан чоң жардам көрсөтүп, атайын кичи автобус сатып берген. Натыйжада илгеркидей айылдарды кыдырып, жайлоолорго чейин оюн көрсөтө баштадык. Бирок имараттын үстүнкү чатыры толук жабылбагандыктан ар кайсы жеринен тамчы агууда. Экинчиси, театрдагы «Долон» эл аспаптар оркестри үчүн аспаптарды алуу жана кийим маселесин чечүү аткарылбай жатат. Ошону менен 30-40 жыл мурдагы аппараттар менен иштеп келүүдөбүз»,-деди театрдын директору Муратбек Кыдыралиев.

«Мен эми быйыл аппараттарды жаңыртабыз деп айта албаймын. Буюрса, аны 2014-жылдын бюджетине киргизели деп турабыз. Ал эми имараттын үстүнөн тамчыны токтотууга аракеттерди көрөлү. Андан көрө 75 жылдык мааракеңерди Бишкек шаарында өткөрүп, 5 спектаклди жана чоң гала-концертти элге тартуулайлы»,-деген министр мырза театрга 80 миң сом ыроолоп, 2 компьютер ала келгендигин белгилеп кетти.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

19.04.2013, №15

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...