Latest articles

Келерки жылы Кыргызстанда алтын рудаларын иштетүүчү фабрика курулат

Алтын рудаларын сыртка тышып чыкпай, жеринде иштетүү зарыл. Ошондон улам, келерки жылы Кыргызстанда алтын рудаларын иштетүүчү фабрика курулат. Ал эми сыртка ташылган рудалар үчүн алымдардын өлчөмү кескин жогорулатылайт. Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев улуттук валютаны турукташтыруу максатында, каржы жүгүртүү тармагын доллардан арылтуу боюнча программа иштелип чыкканын билдирди. Ошентип, 2016-жылы Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн көлөмү 501 млрд 582 млн сомго жетип, экономиканын иш жүзүндө өнүгүү деӊгээли 5,2 пайызды түзөт. 2016-жылдын бюджети социалдык багыттагы бюджет болот.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...