Latest articles

Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогуна мелдеш өтөт

Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогуна мелдеш өтөт

Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу - 2013 мелдеши өтөт. Футболдук жаңы сезондун алдыңкы расмий олжосу үчүн финалга чыгышкан, өлкөнүн чемпиону - 2013, өлкө Кубогу - 2012 ээси бишкектик «Дордой» жана борбордун «Алга» командалары ат салышат. Суперкубоктун жеңүүчүсү 21чи жана 27 - апрелде Дөлөн Өмүрзаков атындагы шаардык стадион талаасында эки матчтык тирешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталмакчы. Эске салсак, 2012 - жылы канттык «Абдыш - Атаны» утуп алган «Дордой» командасы өлкөнүн Суперкубогунун ээси аталган. Бул тууралуу "Марал" радиосуна футбол федерациясынын басма сөз катчысы Медер Сталбек уулу билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...