Latest articles

Статистика комитети үй-бүлөдө балдардын идеалдуу санын аныктады

Ата-энелер арасында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда идеалдуу үй-бүлө 4 балалуу болушу керек экендигин аныкташкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы Кыргызстанда медициналык-демографиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аялдар үчтөн тогузга чейин балалуу болуу каалоолорун билдиришкен. Бирок азыркы учурда турмушка чыккан аялдардын көпчүлүгү 2 же 4 балалуу болуу каалоолорун айтышкан.

"Жалпысынан аялдар жана эркектер бирдей сандагы балалуу болгулары кетишет экен. Бирок жакынкы жылдары өлкөдө төрөттүн саны жогору бойдон сакталат", - деди Осмоналиев.

Original url : kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...