Latest articles

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга каршы мыйзам долбоорун сунуштоодо

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга каршы мыйзам долбоорун сунуштоодо

24-ноябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттарга валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда акча алмаштыруучу жайлардын ишмердигин жөнгө салуу үчүн эки мыйзам долбоору иштелип чыккан.

"Учурда акча алмаштыруучу жайлар тарабынан алып-сатуучулук жасалып жатат. Маселен, жакында эле акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу коммерциялык банктарга салыштырмалуу жогору болуп чыкты. Абалды жөнгө салуу үчүн биз акча алмаштыруучу жайларды кредиттик союз же кредиттик компания катары каттоо жөнүндө 2 мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ошондой эле аларды коммерциялык банктардын карамагына өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Дагы бир мыйзам долбоору чет элдик валюталар менен иш алып баруудагы мыйзам бузууларга болгон айыппулду 1,5 мин сомдон 50-150 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда",- деди ал.

Original url : kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...