Latest articles

Ошто жаштар парламенти түзүлөт

Ош шаарында жаштар парламенти түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош шаарынын мэриясына караштуу жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Казыбай уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган долбоорго катышууга 100 гө жакын арыз түштү. Экинчи турдан кийин 100 талапкердин ичинен жаштар парламентине 45 активист гана тандалып алынат. Жаш депутаттар мыйзам долбоорлорду жана шаардын көйгөйлөрүн талкуулашып, өздөрүнүн сунушун Ош шаардык кеңешине жана Жогорку Кеңешке жөнөтүшөт.

Жаштар парламенти укук статусуна ээ болбойт жана бир жыл мөөнөткө шайланат. Биринчи өклдөрдү кабыл алуу 25-ноябрга чейин уланат.

Original url : www.kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...