Latest articles

Медербек Өмүралиев: "Быйыл жер титирөө күтүлбөйт"

Жердин титирөөсүн алдын ала айтуу үч түрдө жүргүзүлөт. Узак мөөнөткө, орто мөөнөткө, кыска убакытка. Орто мөөнөттөгү алдын ала айтуу методдору боюнча Кыргызстандын сейсмологиялык институту дүйнөдөгү жер силикинүүлөрдү алдын ала айтууга жетишкен. Кыска мөөнөттү алып карсак, Кыргызстанда бир жыл ичинде жер силкинүүсү күтүлбөйт.

“Кабар даамында” уктуруусунда бул жолу жер титирөө, алдын алуу жолдору, ошондой эле дүйнөдөгү жер силкинүүлөрдүн Кыргызстанга тийгизген таасири жөнүндө сөз кылдык. Студиябыздын коногу КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмологиялык институтунун директорунун орун басары Медербек Өмүралиев болду.

Акыркы күндөрү дүйнө өлкөлөрүндө катуу жер титирөөлөр болууда. 26-октябрда Ооганстанда 7,5 балл өлчөмүндө жер титирөө катталды. Ага чейин Непалда болгон. Буга Кыргызстандын байланышы барбы?

Ооганстандагы жер титирөө Борбор Азиядагы эң күчтүү жер титирөөнүн бири. Буга чейин Непалда мындан күчтүүрөк жер титирөө болгон. Негизи жердин үстүндө литосфералык плиталар бар. Түндүктөн Евразия, түштүктөн Индия-Австралия тектоникалык плиталары. Индия-Австралия плитасы бир жылда 40 мм түндүккө жылып, Евразия плитасы менен кагылышканда Гималай, Гиндикуш, Памир жана Тянь-Шань тоолору пайда болот. Ошол кагылышкан зоналарда күчтүү жер титирөөлөр болуп турат. Непалдагы жер титирөөдө Гималай жана Гиндикуш тоолору 25 км жер астына кирип кеткен. Ооганстанда 200 кмге жакын тереңдикте болду. Тектоникалык күчтөрдүн улам жылып туруусунан жер титирөөлөр келип чыгат.

Кыргызстандын кайсы аймагы сейсмикалык эң кооптуу деп эсептелет?

Кыргызстандын түштүк жагында күчтүү жер титирөөлөр көп катталат. Мисалы Памир менен Тянь-Шань плиталары кагылышканда Алай тоосу пайда болуп, 1974-жылы эң күчтүү жер силикинүү болгон. 2008-жылы Кыргызстанга көп жоготуу алып келген Ош облусундагы Нура айылында күчтүү жер титирөө катталган. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен. Андан тышкары Казакстан менен Тянь-Шандын плитасы кагылышкан жерде Күнгөй Ала-Тоосу пайда болуп, ушул аймактарда күчтүү зилзала болгон. 1911-жылы январь айында Кеминде болгон зилзала Борбор Азиядагы эң күчтүү деп эсептелет. Ал эми Фергананын түндүгүндө Чаткал менен кошулган жеринде 1946-жылы, Алай менен Фергананын кошулган жеринде Исфара-Баткен жер титирөөсү катталган. Жалпы айтканда тоо өсүп, бири-бирине кагылышкан жерлерде жер силикинүүлөр көп учурайт.

КР УИАнын Сейсмологиялык институту бул жаатта кандай иш алып барат, үстүбүздөгү жылы жер титирөөлөр күтүлөбү?

Биздин институтка 40 жыл толду. Жалаң эле илим жагынан эмес, табигый кырсыктардын залалын азайтуу үчүн кызмат кылат. Бул максатта 30дай цифралык станциялар иштейт. Дүйнөдө баардык жер шарын камтыган станциялардын экөөсү Кыргызстанда жайгашкан. Андан тышкары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен байланышып, кайсы жерде, кандай таасирде жер титирөөлөр күтүлүп жатканы боюнча маалымат алып турабыз. Орчундуу иштерибиздин бири сейсмикалык райондоштуруу – бул курулуштарды кандай долбоорлоо керектигин тактап курулуш агенттигине өткөрүп беребиз. Алар норматив катары кабыл алып, аймактарга таратат. Экинчиден Токтогул ГЭСинде, Камбар-Ата, Нарындагы жаңы курулуп жаткан ГЭС же болбосо Кумтөрдүн аймагында кичи райондоштуруу карталары жүрөт. Ар бир майда зоналар бөлүнүп, жер титирөөнүн таасирине карата жоопкерчиликтүү объектилер курулат. Үчүнчүсү алдын ала айтуу тармагы.

Дүйнөлүк илимпоздор алдын ала айтууга жетише элек. Бизде жер титирөөгө алдын ала прогноз берүүнүн үч түрү бар. Узак убакытка 5-10 жылга, орто мөөнөттө 1-3 жыл, андан азыраагы кыска мөөнөттө деп коет.

Мисалы, Кытайда жер титирөөнүн болоору тууралуу алдын ала кыска мөөнөттө айтылып, Өкмөт чара көрүп, элдин көбү аман калган. Биз узак мөөнөттө айтуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана курулуш бөлүкчөлөрүнө табыштап турабыз. Орто мөөнөттөгү алдын ала айтуу методдору иштелип жатат. Бул жылы Кыргызстандын аймагында күчтүү жер силкинүү күтүлбөйт. Күндөгүсүн күн сайын белгилерин изилдеп турабыз.

Өлкөдөгү имарат, кабаттуу үйлөр жер силкинүүсүнө канчалык туруктуу?

10 жыл мурун Бишкек, Ташкент, Стамбул шаарлары чоң долбоор менен иштелген. Ар бир шаарда кайсы үйлөр эски, канчасы жаңы, бир үйдө канча адам тураары, жер титирөөлөр болуп калса канча жоготуу, чыгым болоору эсептелген. Бул иш жыл сайын жүрүп турушу керек.

Маселен, Бишкек шаары боюнча жылына кичи райондоштуруу картасы түзүлүп турат. Себеби жер алдындагы суу, кыртыштар өзгөрүлөт, жолдор, үйлөр салынып жатат, ушунун баары шаардын аймагына таасир берет. Ошондой эле радио толкундар да таасирин тийгизет.

Ал эми кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугу биздин институт тарабынан каралбайт. Курулуш жагындагы уюмдар жооп берет. Алар цементинен баштап бардык элементтерин стандартка өткөрүш керек.

Табигый кырсык миңдеген жылдары курулган имараттарды бир көз ирмемде талкалайт. Ошол себептен ар бир жаран, Өкмөт, Парламент жоопкерчиликти өзүнө алуусу зарыл.

Автор: Бахар Хакимова

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...