Latest articles

Баракелде. К.Самаков: Өкмөт быйыл кышка даярдык көрүүдө «Зима не будет» дегендей мамиле жасап жатат

Өкмөт быйыл кышка даярдык көрүүдө «Зима не будет» дегендей мамиле жасап жатат, деп билдирет «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Карганбек Самаков 1-ноябрда пленардык жыйында.

«Өткөн жылы өкмөт бала саясат кылып, кышка даярдыкты жакшы көрбөй койду, малдын баарын кырылып калды. Быйыл дагы «Зима не будет» дегендей мамиле жасап жатат. Быйыл чөп күйүп кетти, мал-жандыктар боюнча кышка даярдык көрүү керек. Быйыл тоолуу өрөөндөрдө айрыкча Ала-Бука, Чаткалдарда мал-жандыктарды кыштан кантип аман алып чыгуу боюнча программаны иштеп чыгуу керек. Былтыркыдай «Зима не будет» деп малды кырып албайлы», - деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү Талас облусундагы Манастын күмбөзүнүн абалына көнүлдү бурду. «Баарыбыз эле Таласка зыярат кылганы барабыз. Күмбөзгө бара турган жолду жасап беребиз деп, убада берип келебиз. Бирок иштер аткарылбай келе жатат. Ошондуктан, бюджетти карап жатканда Манастын күмбөзү боюнча маселеге дагы көңүл бөлүүнү суранам», - деди депутат.

Бул сунушту спикер Асылбек Жээнбеков колдоду.

Original url : www.barakelde.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

Comments

  • Айдай at 07.11.2012 @ 13:43

    Карганбек мырза, быйыл кудай ургур Арстанбек Алай дагы "зима не будет" деген кыязда дөөрүп чыгыптыр, ошого ишенип өкмөт акең камырабай жатат көрүнөт.Айылда болсо, бир тоголок көмүр жок, баягы Бакиев айтмакчы, тезекти там бою жыйып, көн жыттанган, кык жыттанган айылдаштар арбып кетиптир.Бир- эки жылда 1916 жылкы Кыргындагы таз кейпибизди киебизби деп коркуп турамын