Latest articles

Абактан качкандарды издөө улантылууда

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан жекшемби күнү кечинде кабарлашты. Маалыматка караганда, 12-октябрга караган түнү №50 абактан качкандарды издөөгө милициянын миң кызматкери тартылган. Койташ айылы тарапта абактан качкандардын бири Азамат Мүсүралиевге окшош киши көрүнгөнү тууралуу маалымат түшкөнгө байланыштуу издөө иштери 18-октябрда Койташта жүргүзүлдү.

№50 абактан тогуз кылмышкер качып, алардын бешөөсү дароо кармалган. Бирөө жума күнү Дордой жаңы конушунун жанында кармоо учурунда каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. Ал эми Алтынбек Итибаев, Азамат Мүсүралиев жана Эдил Абдырахамановдун кайда экендиги белгисиз.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...