Latest articles

КӨКӨМЕРЕНДЕГИ КӨПҮРӨ

КӨКӨМЕРЕНДЕГИ КӨПҮРӨ

Жумгал районундагы Өрнөк айылын чоң жер менен байланыштырып турган Көкөмерен дарыясындагы көпүрө эскилиги жетип, авариялык абалда калган эле. Албууттанган суунун аркы өйүзүндө күн кечиришкен өрнөктүктөр үчүн көпүрө маселеси канчалык деңгээлде маанилүү экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ушундан улам эски көпүрөнүн ордуна Көкөмеренге жаңысын салуу зарылдыгы келип чыгып, бул иш кызуу жүргүзүлүп жатат. Марттын акыркы күндөрүнүн биринде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышып чыгышты.

Маанилүү жумушту ишке ашырып жаткан «Ремстроймост» фирмасынын деректири Сергей Пода курулуштун абалы туурасында айтып берди.

Министр К.Султановдун билдиришинче, 1976-жылы курулган жыгач көпүрө өз мөөнөтүн өтөп бүттү. Ошондуктан жаңы көпүрө куруу чечими кабыл алынган. Биздин ведомство тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык узундугу 86 метрди түзөт. Анын курулушуна 82 миллион сом каралган. Азыркыга чейин жалпы жумуштун 40-45 пайызы бүткөрүлдү. Көпүрөнү 2013-жылдын июль айында пайдаланууга берүү болжолдонууда, дейт министр.

Буюрса Көкөмерен заманбап көпүрөлүү болгону калды.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...