Latest articles

Нарында аялын бычактаган жаран кармалды

Нарын районунун Миң Булак айылынын 21 жаштагы тургуну аялын ашкана бычагы менен төшүнө 11 жолу сайып жиберген. Натыйжада бычык жеген аял ооруканага жетпей жан берген. Бул тууралуу Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Милициянын маалыматына ылайык окуя алардын ортосундагы 7 айлык баланы талашуудан улам үй бүлөөлүк чырдан чыкканы аныкталган. Алар окуя болоордон мурда ажырашууну пландап жүрүшкөн.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Original url : www.naryn.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...