Latest articles

Улакчы Нурманбет: Бул өнөр да, тагдыр да

Улакчы Нурманбет: Бул өнөр да, тагдыр да

Улуттукспорттун жүзүболгон көк бөрү кыргыз жыттанып, кымызга суусаган нагыз тоолук жигиттердин оюну. Сары-θзөн командасынын оюнчусу Нурманбет Койчукеев менен болгон маек улакчылардын мүнөзүнө, дүйнөсүнө кызыккандар үчүн.

Толук атыжөнү: КойчукеевНурманбетКойчукеевич.

Туулганжери: Чүйобласты, Жайыл району, Суусамыр өрөөнү.

Туулганжылы, күнү: 1988-жыл, 14-май.

Билими: 1-Май орто мектебин аяктаган.

Үй-бүлөлүкабалы: Бойдок.

-Алгач улакты кантип тартып калганыңызды айтып берсеңиз, бул өнөргө бала кезиңизден бери кызыгасызбы?Сиздин улакчы болушуңузга ким же эмне түрткү болду?

-Атам жылкычы болгондуктан, ат жалында чоңойгом. Агам болсо улакчы. Аганы көрүп ини өсөт дегендей, агам менен барып жүрүп, мен да тартылып кеттим. Ошентип, улакчы болуп калышыма атам жана агам туртку болду десем болот. 18-19 жашымдан тарта курама командада ойноп келем.

-Көкбөрү сиз үчүн сүйгөн кесиппи же жөн гана каражат табуунун бир жолубу? Улакчылык менен үй-бүлөнү багуу мүмкүнбү? Мисалы, чоң турнирден канча акчалай байге тапса болот?

-Көк бөрү- мен үчүн сүйгөн кесип. Мен улакты каражат табуу же башка бир кызыкчылык үчүн тартпайм. Ал эми байгеге келсек мелдештен утканыбыз ар бир балага бөлүнөт. Ар кандай, кээде 10-20 миң сомдон бөлүнөт. Ал эми Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда жүз минден алганбыз.

-Көкбөрүнүн башка оюндардан кандай айырмачылыктары бар, машыгуу, тамактануу өзгөчөлүктөрү болобу?

-Албетте, көк бөрүнүн да башка оюндардай өзгөчөлүгү бар. Биринчи кезекте улакчынын ден соолугу мыкты болушу шарт. Мелдешке 1-1,5 ай калганда Бишкекке чогулуп аттар менен кошо даярданабыз. Улакчылар кучтуу тамактанышат. Негизинен оюн башталаардан бир саат, эки саат мурда тамактанабыз. Бирок кээ бир оюнчулар оюнга чыгарда деле тамактана беришет. Мен, мисалы, оюнга чыгарда тамак ичпейм.

-Казакстанда улакчыларга кыйла каражат бөлүнөт экен, бизде мамлекет бул оюнга жетиштүү көңүл бөлөбү?

-Ачыгын айтканда мамлекет көкбөрүгө көңүл деле болбойт. Албетте чоң масштабдагы мелдештерде өкмөтүбүз жардам берет. Ал эми башка учурларда биз унутта калганбыз.

-Улакчы чапчаң, балбан билек дейли, ага аты шайкеш келиши шартпы? Аттар кандай талап менен тандалып алынат жана аларды багуунун өзүнчө жол-жоболору барбы?

-Көкбөрүгө чалыш, кучтуу, кулук аттар тандалып алынат. Бою кичине аттар улак тартышка ылайык келбейт. Ылганып алынган атты жакшылап үйрөтүш керек. Улакчынын өзү да мыкты болуп, ага аты да шайкеш келип турушу шарт. Башкача айтканда, ар бир улакчынын өзүнө ылайыктуу аты болушу керек. Анан команда ичинде бир бала минген атты башка бала мине албайт. Мисалы мен минген аттын аты“Лексус”, негизи “Тынай” командасынын аты болчу. 2013-жылы жазында “Суусамыр” менен “Тынай” болуп чыккандан тарта минип жүрөм. “Лексус” өтө куу, акылдуу, бою чоң жана күчтүү ат. Жекеме жекеге да үйрөтүлгөн. 2014-жылы “Тынай” командасы өзүнчө чыгып, мен башка аттар менен чыгып жүрдүм, бирок алар “Лексуска” окшошо алышкан жок.

-Көкбөрү экстремалдык спорт түрү эмеспи, улакчыга да, атка да тобокелчиликке барууга туура келет. Катуу жараат алганда улакты таштап салуу ойлору келбейби?

-Ачыгын айтканда, андай да ойлор келет. Мисалы, мен улактан бутумду, колумду сындырып алдым. Жаракат алганда “болду эми улак тартпайм” дейсин, бирок айыкканда эле кайра оюнга кирип кетем.

-Улакчы болуш үчүн өзгөчө шык-жөндөм керекпи же атка минген ар бир кыргыз уулу эле улак тарта алабы?

-Албетте бул өнөргө да өзгөчө шык-жөндөм керек. Атка минген ар бир кыргыз уулу эле улак тарта албайт. Улак тартам деп келип тарта албай кеткен да учурлар болбой койбойт.

-Улакчылыктан бөлөк дагы кандай жумуш менен алектенесиз? Улак тартпай калгандан кийинки турмушуңузду кандай элестетесиз?

-Улак тартпай калгандан кийин мал-жан менен үйдө болом. Мен өзүм үйдө кичүү болгондуктан, ата-энемдин жанында айылда калчу баламын.

-Уулдарыңыз канчада, алардын улакка кызыкканы барбы? Же башты тобокелге байлаба деп тыясызбы?

-Бул нерсе тууралуу уйлонуп, балалуу болгондон кийин теренирээк ойлонобуз го. Негизинен уулдарымдын улакка чыгып ден соолугун кетиришин каалбайм. Балким окуп, башка иш менен алек бол деп айтам.

-Азыркы мезгилде сиз ойноп жаткан “Сары-Өзөн” командасынын келкели келип, дээрлик баардык мелдештерди утуп жаткан учуру. Өзүңөргө Кыргызстандагы кайсы команданы татыктуу атаандаш деп билесиңер, азыр улакта кайсыл аттар атактуу?

-Азыр мыкты команда, татыктуу атаандаш катары “Талас” жана “Достук” командаларын көрөм. Чынында мыкты командалар. Ал эми аттарга келсек БТР, Лексус, Комбад, Туман, Евро, Ахилес, Япончик. Мына ушул аттарды мыкты, улакчыга шай келген аттар деп билем.

Рахат Акматова

Original url : koktom.journalist.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...